super.kg logo

Мэрия: "Бишкекте 8-марттагы "Феминисттик демилгелер" кыймылынын тынч жүрүшүнө мыйзамдын негизинде уруксат берилген"

 

Өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, мэрия тынч жүрүштөрдү өткөрүүгө эч кимге тыюу сала албайт. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта мэрдин кеңешчиси Гуля Алманбетова билдирди.

8-мартта Бишкек шаарында "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын жүрүшү өткөн. Анда аялдардын укуктары тууралуу чакырыктар жасалган. Мындан тышкары жүрүштүн катышуучуларынын айрымдары ЛГБТнын желегин оронуп, окшош жыныстуулардын мамилесин колдоорун ачык айтышкан жана ошондой таризде жазылган чакырыктарды колдоруна көтөрүп жүрүшкөн. Буга коомчулуктун нааразычылыгы жаралып, мэрия туура эмес багыттагы иштерге уруксат берди деп сынга алды.

"Биз Баш мыйзамдын 16-34-беренелерин сактадык. Анда жарандын динине, улутуна, жынысына, тилине, саясий көз карашына карабай тынч жүрүш жасоого жергиликтүү бийликтер жана шаар бийлиги тыюу сала албайт. Мындан тышкары ошол эле мыйзам боюнча, жүрүштө эмнелер айтылат, анын маани-маңызын тескеп сурай албайбыз. Биз болгону Бишкек ШИИББи менен жүрүштөгү коопсуздукту камсыздап бердик. Кандайдыр бир мыйзам бузуулар болсо аны тиешелүү органдар териштирет", - деди ал.

Ал эми "Кырк чоро" коомдук фондунун мэрдин отставкасын талап кылып жүрүшкө чыкканы боюнча Алманбетова төмөнкүлөргө токтолду.

"Чыгышсын, аларга да каршылык жок. Дагы бир "Кырк кыз" деген демилгени көтөрүп алып, жүрүшкө чыгабыз деген топ бар экен. Алар да чыксын, айрымдары мурдагы таарынычынан улам эле ушундай кадамдарга барып жатышат", - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.03.2019. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Митинг жаз келди де биротоло
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: