super.kg logo

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде калктын органикалык айыл чарба азыгына болгон керектөөсүн жана экспортту жогорулатуу маселеси каралды

 

Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат. Анда "Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө" мыйзам долбоору 3-окууда каралды.

Мыйзам долбоору боюнча комитет жыйынында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев баяндама жасады.

"Мыйзам долбоору органикалык айыл чарба азыгын өндүрүү шарттарын түзүү максатында иштелип чыкты. Ошондой эле калктын органикалык айыл чарба азыгына болгон керектөөсүн жана экспортту жогорулатууга багытталган. Эгерде аталган мыйзам долбоору кабыл алынып, ишке кирсе дыйкандар үчүн органикалык айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө жакшы шарт түзүлөт", - деди Керималиев.

Аталган комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров мыйзам долбоорун 3-окууда кароодо редакциялык мүнөздөгү гана түзөтүүлөр караларын баса белгилеп, башка түзөтүүлөрдү киргизүүгө тиешелүү мыйзам жол бербестигин белгиледи.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун 3-окууда жактыруу чечимин кабыл алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: