super.kg logo

"Саясий туткундарды коргоо комитети" куугунтукталып камалган жарандардын камактан чыгып, акталуусун талап кылат

 

"Саясий туткундарды коргоо комитети" саясий негизде камалган саясатчылар камактан чыгып, акталуусун талап кылат. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта SUPER.KG порталына комитет башчысы Сапар Аргынбаев маалымдап, бул боюнча жыйын өтө турганын белгиледи.

Анын айтымында, саясий туткун катары камакта жаткан адамдарды бошотуу талаптары 12-мартта өтө турган жыйында айтылат.

"Биздин комитет буга чейин да мындай аракеттерди жасап келди, учурда бул боюнча иш улантылууда. Эртеңки жыйында кимдер эмне себептен камалды, мындан биз кандай сабак алдык, кимдер пайда, кимдер зыян көрдү? деген анализдер жасалат. Муну менен катар эле саясий туткун болуп камакта отургандар, отуруп чыккандарды мыйзамдуу түрдө актоо талабын да коёбуз. Биз коомго жана бийликке кайрылуу жасайбыз.Саясий негизде куугунтукталган деп камакка алынган жарандардын саны 30га жакын экен", - деди ал.

Аргынбаев буга чейин камактан бул тизмедеги саясатчылар Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Бекболот Талгарбеков мөөнөтүнөн мурда шарттуу камактан бошотулганын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: