super.kg logo
  Саясат  

Өлкөдө акыркы эки жыл аралыгында 10 судья кызматынан бошотулуп, 26 судья жоопкерчиликке тартылды

 

Акыркы 2 жыл аралыгында мыйзамды бузгандыгы үчүн 10 судья кызматынан бошотулуп, 26 судья тартип жоопкерчилигине тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын судьяларынын 11-курултайында өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков билдирди.

"Соттор тарабынан адилетсиз чечим чыгарган фактылар байма-бай кездешип келет. 2016-2018-жылдар аралыгында 10 судья боюнча Судьялар кеңеши же тартип комиссиясы тарабынан аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга Башкы прокуратурасына макулдук жиберилген. Соттун мыйзамсыз чечимдери элдин тагдырына, жалпы өлкөбүздүн өнүгүүсүнө, келечек муундун коопсуздугуна терс таасирин тийгизет. Биз мындай көрүнүштөргө чекит коюшубуз керек. Заман, мезгил өзгөргөн. Муну, урматтуу сот бийлигинин өкүлдөрү, терең түшүнүшүңөр керек. "Кыңыр иш кырк жылда билинет" десек, азыр кыңыр иш бир заматта билинет. Экинчиден, сот системиндеги кадр саясаты азырынча жакшы жолго коюла элек", - деди өлкө башчы.

Өлкө башчынын айтымында, 2018-жылы Судьяларды тандоо кеңеши Жогорку Соттун, анын Конституциялык палатасын жана жергиликтүү соттордун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн жиберилген 88 талапкердин ичинен 32си кайра кайтарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: