super.kg logo

Компьютерде иштегиси келбейт, бир кагазды табуу үчүн бир нече күн коротушат... Өлкөдөгү сотторго карата айтылган сындар

 

"Өлкөдөгү судьялардын көпчүлүгү компьютерде иштегиси келбейт, кагаз, калемге көңүп калышкан, - деп бүгүн, 11-мартта Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын судьяларынын 11-курултайында өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков айтты.

Соттордун архиви кагаз түрүндө. Керектүү кагазды табуу үчүн бир нече күн убакыт сарпталат, журналдарды барактап табуу керек. Иштерди кароо да кагаз түрүндө гана жүрөт. Каттоо кызматына мүлктү камакка алуу жөнүндө же Ички иштер министрлигине күбөлөрдүн сот процессине келишин камсыз кылуу жөнүндө суроо-талаптардын баары кагаз жүзүндө даярдалат. Кээде кат алмашуулар жарым жылдап жүрөт. Демек, сот процесси да жылдап жүрүп, мөөнөттөрү бузулат.

Мунун баарын электрондук форматта жасоонун эч кандай татаалдыгы жок. Санариптештирүүнү тездетүү үчүн биринчи кезекте судьялар өзгөрүшү абзел. Биздин судьялардын көпчүлүгү компьютерде иштегиси келбейт, кагаз калемге көңүп калышкан. Илгерки замандагы адаты менен жардамчыларына, катчыларына жаздырышат.

Мезгил талабына ылайык, бизге “санариптик судьялар” керек. Компьютердик сабат – судьялардын кесиптик компетенттүүлүгүнүн керектүү бөлүгү болуп калышы зарыл. Бул тез арада жасала турган иш, биз кечигип жатабыз”, - деди президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(7)
11.03.2019. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кечиресиз сиз кайсыл диндесиз
11.03.2019. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Zhanybek88, өзү да билбейт.
11.03.2019. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундай сотторду кармап туруу Сокенин пайдасына. Эл козунчо калп эле жемелемиш болуп коет. Болбосо уурулар бийликте, эл уулдары турмодо же куугунтукта. Башкасын коюп Мелис Мырзакматов менен Садыр Жапаров бири абакта, бири куугунтукта, ал эми элдин ырыскысына ХХХХХ Отунбаева менен Атамбаев жыргап эркиндикте талтандап журот, Соке болсо ХХХХХ тузулгон шайкасы менен бийликте...

Сотторго келсек соттордун 98-99% паракор, коррупционер оздору.....
Модератор admin_portal түзөттү 2019-03-11 17:38:15
11.03.2019. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жээнбеков озу тозок бейишти коруп келгендей суйлоптур го. Бейиш менен акыл эси соо адамды алдай албайбыз. Андайларга сокур фанаттар ишенет. Япония, Германиянын соттору, президенттер, тозок бейиш дебей эле таза иштешет. Жээнбеков ХХХХХ. Мечиттеги молдолордун жомотору эле жетишет бизге.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-03-11 17:35:00
11.03.2019. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zhaku2017, темага тиешеси жок билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
11.03.2019. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кечигип бутконбуз
11.03.2019. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Байкуш соттон адилет таппай жургондор болду эми акыр заман келгичекти шорду болдунар. Мечитке барып акыр заман эрте болсун деп тиленгиле. Жээнбековдун бейишинен бир нерсе издегиле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: