super.kg logo

Салык кызматы декларациясын өз убагында тапшырбагандардын тизмесин жарыялайт

 

Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди Бирдиктүү салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшырууга чакырууда.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар декларацияны электрондук түрдө гана толтурууга жана катталган жери боюнча салык органына тапшырууга милдеттүү. Бул декларацияны толтуруу жана тапшыруу процедурасын гана эмес иштеп чыгууну да бир кыйла жеңилдетет.

Мыйзамда белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин Салык кызматы Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын тизмесин жарыялай баштайт, ошондой эле прокуратурага өткөрүп берет.

1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардан тышкары, жеке ишкерлер (анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр), менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.03.2019. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Декларация боюнча суроолор бар эле, админ кайсыл жака кайрылсак болот?
12.03.2019. 07:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
virtual.realist, Саламатсызбы? Элдик кабар бөлүмүнө сурооңузду узатсаңыз болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: