Сауд Арабияда бутун сындырып алган каскадёр Светлана Ашировага операция жасалды
8-март күнү Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында "Көчмөндөр ааламы" фестивалына даярдануу учурунда буту сынып катуу жаракат алган каскадёр Светлана Ашировага операция жасалды. Бул тууралуу Этно оюндардын бүткүл дүйнөлүк конфедерациясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Аширова бүгүн, 11-мартта Сауд Арабиянын убактысы боюнча эртең мененки саат 8дерде операцияга кирген.
"Ага операция ийгиликтүү жасалды. Араб дарыгерлери каскадёр реабилитациялык убакытты өткөргөндөн кийин кайра спортко кайтып, мекендештерин кубандыра аларын айтышты. Операция жасалган учурда уюштуруу комитетинин мүчөлөрү, Camel Club клубунун, Кыргыз мамлекеттик циркинин өкүлдөрү анын жанында болушту. Учурда Светлана Аширова дарыгерлердин жана уюштуруу комитетинин көзөмөлүндө", - деп жазылат маалыматта.
Сауд Арабияда өтүп жаткан "Көчмөндөр ааламы" фестивалына өлкөдөн миңден ашык маданият жана спорт өкүлдөрү катышууда. Ага жалпысынан дүйнөнүн 90 өлкөсүнөн өкүлдөр келишкен. Иш-чара 9-мартта башталды, 19-мартта аяктайт. Фестивалдын ачылышына бир күн калганда даярдык учурунда Светлана Аширова ат минип бара жатып, кырсыктап оң буту сынып кеткен. Буга чейин ал окуянын чоо-жайын айтып берген.









1 |