super.kg logo
  Спорт  

Кумда ойнолуучу футбол боюнча Азия чемпиондугу: Кыргыз курамасы тайпалык баскычтагы 3 оюнда тең жеңилип калды

 

Бүгүн, 11-мартта Таиландда өтүп жаткан Кумда ойнолуучу футбол боюнча Азия чемпиондугунун тайпалык баскычынын жыйынтыктоочу турунда Кыргыз өлкөсү Кытай курамасы менен беттешти.

Беттештин биринчи бөлүгүндө Кыргыз футболчулары эсеп санын ачканы менен көп өтпөй эреже бузулуп, кытайлык оюнчулардын пайдасына айып сокку дайындалды. Айып соккуну таамай аткарып, Кытай командасы эсепти теңеди. Экинчи бөлүктө атаандаштар улуттук кураманын дарбазасына 5 гол киргизип, ага кыргыз оюнчулары 1 гол менен гана жооп бере алышты. 3-бөлүктө да кыргыз командасы 1 гол жаратып, ага кытайлыктар 3 таамай сокку менен жооп берди. Жыйынтыгында Кыргыз курама командасы 9:3 эсебинде жеңилип, мелдештен четтеп калышты.

Буга чейин тайпалык баскычтын алкагында кыргыз курамасы Бириккен Араб Эмираттарынан 6:1 жана Ливандан 11:2 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калышкан.

Кумда ойнолуучу футбол боюнча Азия чемпиондугу 5-марттан 17-мартка чейин Таиланддын Паттайя шаарында өтөт. Чүчү кулактын жыйынтыгы менен Кыргыз курамасы Бириккен Араб Эмираттары, Кытай жана Ливан өлкөлөрү менен "В" тайпасына туш келген. Мелдеште алдыңкы 3 орунду ээлеген курамалар 2019-жылы Парагвайда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна катышуу укугун алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.03.2019. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар БАЭ менен кытайдан кутулбайт экен да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: