super.kg logo

Бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитети Бишкекте "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу тууралуу көчмө жыйын өткөрөт

 

Бүгүн, 12-мартта Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин көчмө жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтына жарыяланды.

Жыйында ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Ыманалы Саркулов "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу баяндама жасайт.

Буга чейин Бишкектеги унаа жолдордун кесилишине орнотулган камералар жол кыймылына байланыштуу 7 эреже бузууну каттоого алары маалым болгон.

Алар:

1. Жол чырактын кызыл белгиси күйүп турганда өтүп кетүү;

2. Каршы тилке менен жүрүү;

3. Тротуар, веложол, газон жана жөө адамдар өтүүчү чийимдер менен жүрүү;

4. Жол чырактын кызылы күйгөн учурда стоп сызыгынан өтүп кетүү;

5. Жөө адамдар өтүүчү сызыктан эреже бузуу;

6. Ылдамдыктан ашырып айдоо;

7. Аялдама жана унаа токтоочу жайда эреже бузуу;

Бүгүнкү күндө Бишкекте 20га жакын көчөнүн кесилишине камералар орнотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: