Бишкекте мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасы ишке кирет
11-мартта Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйыны өттү. Анда Бишкек шаарында мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу тууралуу макулдашуу талкуу болду.
Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев макулдашуунун алкагында Бишкекте ачылган кыргыз-түрк достук мамлекеттик ооруканасын эки тарап 3 жыл биргелешип башкарарын айтты.
"Бул мөөнөт аяктаган соң, оорукананы башкаруу укугу кыргыз тарапка биротоло өткөрүлүп берилет. Өткөрүлүп берилгенден кийинки 3 жылда Түркия Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан көзөмөл жүргүзүп турат. Анда медициналык жардам сурап кайрылган адамдарга кызмат көрсөтө турган 72 жатак орун бар", - деди Чолпонбаев.
Мындан тышкары, макулдашууда жыл сайын 20 кыргыз дарыгерди Түркияда окутуу мүмкүнчүлүгү каралат.





