super.kg logo
  Саясат  

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп Нуржигит Кадырбеков дайындалды

 

Нуржигит Кадырбеков маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Ал буга чейин президенттин алдындагы “Ыйман” руханий маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы болчу. Ал эми министрдин орун басары кызматын Айнура Султанбаева аткарып келген.

Нуржигит Кадырбеков 1977-жылы 31-мартта Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган.

А.Субанов атындагы орто мектепти аяктап, Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Андан кийин АКШдагы Канзас университетинин журналистика жана коммуникация факультетинде, Япониянын Кобе университетинин мамлекеттик башкаруу жана эл аралык байланыштар боюнча магистратурасында окуган.

Эмгек жолун Ош мамлекеттик университетинде иштеп баштаган. Кийин Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратында, Тышкы иштер министрлигинде, Кыргыздын ишкерлер союзунда иштеген. Кара сөз түрүндө чыгармаларды жана ыр жазат, бир нече китептердин автору.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: