super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Кыргыз өлкөсүндө саясатчы өтө көп, алардын 20сы камалып кетсе эмне болуптур дегендей карашат"

 

Бүгүн, 12-мартта Бишкекте 2016-2017-жылдардагы саясий репрессиялардын себебинен жана сабактарын талкуулаган жарандык форум өтүп жатат.

Аталган форумда Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Кыргыз мамлекетинде саясий туткундун кесепети өтө тар карала турганын айтты.

“Мен саясий репрессиялардын укугун коргоп келем. Кыргыз мамлекетинде саясий туткундун кесепетин өтө тар карайбыз. Кыргыз өлкөсүндө саясатчы өтө көп, алардын 20сы камалып кетсе эмне болуптур дегендей карашат. Мунун мамлекеттик системге тийгизген таасири менен эсептешсек жакшы болмок. Адам баласы кадыр-барктуу жашагысы келет. Анткени алар балдарымдын алдында жүзүм жарык болсун дейт. Ошентип жашап келген саясатчыларды 70ке чыкканда 6 миллион элге чыккынчы көрсөтүп жатканыбыз өкүнүчтүү. Мамлекеттин өзөгү сот системинде. Сот системи талкаланган жерде эч нерсе өнүкпөйт. Акыркы 5 жылда Кыргыз мамлекети мыйзамдуулукту сактоо боюнча дүйнөдө 152-орунга түштүк. Бул саясий репрессия 20 жигитке гана болгон жок, бул журналисттерге, эркин жарандык коомго болду. Муну репрессиянын нагыз белгилери десек болот. Анткени “Ата Мекен” партиясынан үчөө абакка отурду. Анын юристтерин жана журналисттерин соттоду. Муну уюшулган кадимки кампания деп атайбыз. Сталиндин саясий репрессия жүргүзүүсүнө 20 жыл керек болгон. Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаевге 5 эле жыл жетиштүү болду”, - деди Иманалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: