super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча өлкөнүн Суперкубогу Москва шаарында өтүшү мүмкүн

 

Футбол боюнча өлкөнүн Суперкубогу Москва шаарында өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз футболдук лигасынын аткаруучу директору Михаил Толкачёв кабарлады.

Анын айтымында, учурда Москва шаарындагы бир нече стадиондун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

"Кыргыз өлкөсүнүн Суперкубогу үчүн беттешти Москва шаарында өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азыркы учурда бир нече стадиондун жетекчилигине сунуштар жиберилди. Акыркы чечим жай айларына жакын кабыл алынат. Аталган беттештин Орусияда өтүшүнө ыктымалдуулук 50 пайыздан жогору", - деди Толкачёв.

Футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Суперкубогу буга чейин 7 жолу өткөрүлүп, 3 жолу "Дордой", 2 жолу "Алай" жана 1 жолудан "Нефтчи", "Абдыш-Ата" клубдары жеңүүчү аталган. Суперкубок өлкө чемпиондугун жана кубогун жеңип алган командалардын арасында ойнотулат. Бул жылы Суперкубок үчүн Оштун "Алай" жана Бишкектин "Дордой" клубдары беттешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(5)
12.03.2019. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми ак уйду да кочуруп барып алгыла..
12.03.2019. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болот биз да футбол коруп калайлы.
12.03.2019. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жөн эле койкулачы дагы бир орустардын активисти бир нерсени чукуп чыкпасын. Улакты өткөрүп алып эмне болдук. Орустардын да көрө албастары толтура
12.03.2019. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда эле өткөрө бергилечи. Бир дүйнөгө таанымал команда болсо экен мейли. Футбол федерациясынын акчасы эле кетет андан башка эч кандай пайда жок. Москвада гастарбайтерлерден жадап жүргөндө эээ бир дворниктер футбол ойноп жатат экен дейтда.
12.03.2019. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар кимге жалдырабай акча токтоп жакшнакай стадион куралы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: