Казакстан жана Өзбекстан абасы булганган өлкөлөрдүн рейтингинде алдыңкы 20 өлкөнүн катарына кирди

Швейцариянын AirVisual компаниясы абасы булганган өлкөлөрдүн рейтингин жарыялады. Рейтингде Өзбекстан 16-орунда болсо, Казакстан 20-орунга жайгашты.
Компаниянын расмий баракчасында жарыяланган маалыматка ылайык, Өзбекстанда абанын 1 куб метринде 34,3 микрограмм зыяндуу заттар камтылган. Ал эми Казакстанда абадагы зыяндуу заттар куб метрге 29,8 микрограммды түзөт. Рейтингге жалпы жонунан 73 мамлекет кирип, алардын арасында Кыргыз өлкөсү, Тажикстан жана Түркмөнстан жок.
Абасы эң көп булганган өлкө катары Бангладеш табылган. Аталган өлкөдө 1 куб метр абага 97,1 микрограмм зыяндуу заттар туура келет. Алдыңкы бештикке Пакистан (74 микрограмм), Индия (72,5 микрограмм), Афганистан (61,8 микрограмм) жана Бахрейн (59,8 микрограмм) өлкөлөрү кирген.
Абасы таза өлкөлөрдүн сап башында куб метрге 5 микрограмм көрсөткүчү туура келген Исландия жайгашты. 2-орунда Финляндия (6,6 микрограмм), 3-орунда Австралия (6,8 микрограмм) турат. Алдыңкы бештикти Эстония (7,2 микрограмм) менен Швеция (7,4 микрограмм) толуктады.
AirVisual компаниясы билдиргендей, дүйнө жүзүндө булганган абанын кесепетинен жыл сайын 7 миллиондон ашык адам каза болот. Аталган көйгөйдү чечүү үчүн 1 жылда дүйнөлүк экономика 225 миллиард долларга жакын каражат жоготот.










1 |