super.kg logo
  Саясат  

"Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмеси президент жана анын иниси тегерегине коррупционерлер менен ууруларды чогултуп алганын билдиришти

 

"Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмеси президент Сооронбай Жээнбековду жана анын инисин тегерегине коррупционерлер менен ууруларды чогултуп алган деп күнөөлөп жатат. Бул тууралуу "Апрель баатырлары" коомдук бирикмеси маалымат таратты.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев 2018-жылдын 17-мартында Апрель революциясынын келип чыгуусуна Бакиевдердин үй-бүлөлүк башкаруусу себеп болгонун айтып, өлкө башчынын бир тууган иниси Асылбек Жээнбековду депутаттык мандатын тапшыруусун талап кылган.

"Бийлик ошол учурдан бери "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин мүчөлөрүн кысымга алып келет. Акыркы учурда коомдук бирикмени тартып алуу жолун көздөшүп, рейдерлик жолу менен басып алууну максат кылышууда. Мындан тышкары коомдук бирикменин төрагасын Жылдызбек Исаков деп алмаштырып коюшту. "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин чогулуштарына сырттагы адамдардын кийлигишкенге укугу жок. Аталган бирикменин мүчөлөрү Сооронбай Жээнбековдун президенттикке талапкерлигин колдогон. Анын Кыргыз мамлекетине президент болуусуна тиешелүү адамдар болгон мүмкүнчүлүктөрүн жумшаган. Эми ал душман болуп отурат", - деп жазылат маалыматта.

"Апрель баатырлары" коомдук бирикмеси азыркы бийлик үй-бүлөлүк башкаруу жолун тандаганын айтышып, мамлекет үчүн көзгө көрүнүктүү эч нерсе жасай электигин белгилешти.

Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин жетекчилери материалдык жардам катары берилген каражатты тартып алууга шектелип, 25-январда Мээрбек Мискенбаев 11 сааттык сурак берип чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: