super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы саясатынын концепциясы жөнүндө президенттин 2007-жылдагы жарлыгы күчүн жоготту

 

"Кыргыз Республикасынын Тышкы саясатынын концепциясы жөнүндө" жарлыкка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттик аппараттан кабарлашты.

Ал эми 2007-жылдын 10-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Тышкы саясатынын концепциясы жөнүндө" жарлыгы күчүн жоготту деп табылды. Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жаңы концепцияны кабыл алуу эл аралык жана интеграциялык тенденциялардын динамикасы, глобалдаштыруу процесстери, коопсуздук чөйрөсүндөгү абалдын өзгөрүүсү жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо, учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу каршы аракеттенүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөө менен шартталган.

Концепция Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү негиз болуучу саясий документ болуп эсептелет. Ал мамлекеттин тышкы саясий ишинин мазмуну, принциптери жана негизги багыттары тууралуу көз караштардын системин өзүнө камтыйт, анын негизги артыкчылыктарын аныктайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: