super.kg logo
  Саясат  

"Кыргыз алтын" ишканасынын башчысы канча айлык ала турганын ачыктады

 

Бүгүн, 12-мартта Жогорку Кеӊештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде "Кыргыз алтын" ишканасынын башчысы Алмаз Алимбеков депутаттын суроосуна жооп берип жатып, канча айлык ала турганын ачыктады.

Комитеттин жыйынында 2018-жылдагы компаниянын ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле "Кыргыз алтын" компаниясын 2019-2020-жылдары өнүктүрүү стратегиясына ылайык, өзүнүн чыгашалуу бөлүмдөрүнө инвестиция тартуу максатында, холдингдик компания түзүү демилгеси мерчемделгени айтылды.

Депутат Бактыбек Турусбеков компаниянын башчысынын жеке кирешесинин өлчөмүнө кызыкты.

"Сиз баардык кошумча төлөмдөр, дивиденддер сыяктуу кирешелериӊизди толук санап бериӊизчи. Компаниядагы эмгек акыӊыздан сырткары дагы канча киреше табасыз?" - деди ал.

Алмаз Алимбеков: "Тиешелүү салыктар кармалып калгандан кийин, колума 50 миӊ сом маяна алам. "Кыргыз алтын" компаниясынын башчысы, "Кумтөр" кен иштетүү компаниясынын Директорлор кеӊешинин мүчөсү катары 4 миӊ доллар кошумча маяна алам", - деди.

Компаниянын башчысы 2019-2020-жылдары жаӊы кен аянттарын чалгындоо үчүн лицензияларды алууга аракеттене турганын билдирди.

"Азыркы учурда биздин кен ылгоо база солгундап калды. Ошондуктан келечеги бар жаӊы кен аянттарына чалгындоо жүргүзүп, алардын корун аныктайбыз, анан аларды иштете баштайбыз. Биздин мындай демилгеге Өкмөт колдоо көрсөтөт деген ойдобуз", - деп кошумчалады Алимбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: