super.kg logo
  Спорт  

Футболчу Ильзат Ахметов Орусиянын улуттук курамасына чакырылды

 

Кыргыз жеринде туулган футболчу Ильзат Ахметов Орусиянын улуттук курамасына чакырылды. Бул тууралуу Орусиянын Футболдук союзунун расмий баракчасы жарыялады.

Маалым болгондой, 26 оюнчунун катарына кирген Ахметов Евро-2020 мелдешинин тандоо турунун алкагында Бельгия жана Казакстанга каршы беттеште талаага чыгышы мүмкүн. Бельгия-Орусия оюну 21-мартта Брюсселде, ал эми Казакстан-Орусия беттеши 24-мартта Астана шаарында өтөт.

Аталган беттештерге чакырылган футболчулардын тизмеси:

Дарбазачылар: Маринато Гильерме ("Локомотив"), Андрей Лунёв ("Зенит"), Антон Шунин ("Динамо").

Коргоочулар: Максим Беляев ("Арсенал"), Георгий Жикия, Илья Кутепов ("Спартак"), Вячеслав Караваев ("Витесс"), Фёдор Кудряшов ("Истанбул Башакшехир"), Андрей Семёнов ("Ахмат"), Кирилл Набабкин, Марио Фернандес, Георгий Щенников (ЦСКА).

Жарым коргоочулар: Ильзат Ахметов (ЦСКА), Юрий Газинский ("Краснодар"), Александр Головин ("Монако"), Роман Зобнин ("Спартак"), Владислав Игнатьев, Алексей Миранчук, Антон Миранчук ("Локомотив"), Алексей Ионов ("Ростов"), Далер Кузяев, Магомед Оздоев ("Зенит"), Денис Черышев ("Валенсия").

Чабуулчулар: Артём Дзюба ("Зенит"), Фёдор Смолов ("Локомотив"), Фёдор Чалов (ЦСКА).

Ахметов Орусия курамасына алгачкы жолу өткөн жылдын ноябрь айында чакырылган. Бирок жаракат алып калганына байланыштуу курама команданын катарында дебют жасай албай калган. ФИФАнын эрежелерине ылайык, кайсы бир өлкөнүн курама командасынын катарында бир жолу расмий беттешке чыккан оюнчу башка өлкөнүн курамасына кирип ойной албайт. Буга байланыштуу эгерде Ахметов алдыдагы беттештерде талаага чыга турган болсо, Кыргыз курама командасынын катарына кошула албайт.

Жыл башында футбол боюнча Кыргыз курама командасынын капитаны Азамат Байматов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Ильзат Ахметовду улуттук курамга чакырып, оюнчуга кайрылуу жасаган. Башкы машыктыруучу Александр Крестинин да өзүнүн маектеринде Ахметовду улуттук курамага бир нече жолу чакырууга аракет кылганын, бирок оюнчу анын чалууларына жооп бербей койгонун белгилеп келет.

Ильзат Ахметов 1997-жылы Бишкек шаарында туулган. Алгач бишкектик "Алга" футболдук клубунда ойноп келген. 11 жашында үй-бүлөсү менен Орусияга көчүп барып, Юрий Коноплёвдун футбол академиясында тарбияланып баштаган. Андан соң Ильзат Ахметов "Рубин" футболдук клубу менен келишим түзүп, 16 жашында "Рубинде" дебют жасаган. 2018-жылы "ЦСКА" клубуна келип, азыркы учурда негизги оюнчусуна айланып, Чемпиондор Лигасында дагы беттештерге катышканга жетишти.

Ахметов өткөн жылы Орусия футболдук союзу тарабынан "2018-жылдын эң мыкты жаш оюнчусу" деп табылып, "Биринчи бештик" сыйлыгына ээ болгон. Ошондой эле ал УЕФА тарабынан тандалган эң мыкты 50 жаш футболчунун катарына кирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
12.03.2019. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чакырса келип ойногондо жакшы болмок Кыргызстанга туулган жерине
12.03.2019. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чакырганга келбеген ымдаганга зар болот.
12.03.2019. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ильзатты деле тушунсо болот. Ал карьерасынын осушуно РФ сборныйында ойноо выгодно экенин билип атат да... Азаматты корот элем, РФ тин сборныйына чакырса ал деле кетмек айланайын деп эле. Молодец, Ильзат... Давайте, просто порадуемся за него... ийгилик!!!
12.03.2019. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстанда туулган деп жаза бербегилечи Кыгызстандан көчүп кетип,бизге бир тыйын пайдасы тийбегенднн кийин
12.03.2019. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Jaman ele kiynaldykko bir ele owol bala menen duyno chempionatyn utup ala turganday. Andan koro jaw sportchulardy tarbiyalasak jakwy bolmok owol baladan da kuchtuu baldar chygat.
13.03.2019. 07:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстанга пайдасы жокту неге жазасынар суртунуп Кыргызстанда торолгон деп
13.03.2019. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Патриот эмес экенда. Атанын тарбиясын корбогон балаго?
13.03.2019. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Боп"кетти бул бала...
13.03.2019. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тузуну ичип туз баштыгына ..... деген ушул да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: