Кубанычбек Өмүралиев Түркияга элчи болуп дайындалды
Кубанычбек Өмүралиев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттик аппараттан кабарлашты.
Буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн Беларустагы элчиси болуп иштеп келген Өмүралиевдин Түркияга элчи болуу талапкерлигин Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети жактырган.
Ал эми Түркиядагы мурунку элчи Ибрагим Жунусов 2018-жылдын 4-декабрында Кыргыз мамлекетинин Өзбекстандагы элчилик кызматына расмий дайындалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
-1

