Ысык-Көл. Каракол шаарындагы Жапайы жаныбарларды коргоо борборунда жаныбарлардын 33 түрү бар
Бул ак куулар үчүн атайын көлмө даярдалган


Бул ак куулар үчүн атайын көлмө даярдалган

Машка, Дашка 2 күрөң аюу бар. Алар 1995-жылдан бери борбордо

Доңуз чычкандары

Эркиндикти жактырган жору бул жерде бук болгондой элес калтырат

Бугу курсагы менен алек

Бул жердеги ар бир карышкырга күнүнө 2-3 килоргамм эт берилет

Лама келген кеткендерге көз салып турат

Макака түркүмүндөгү маймыл

Макака түркүмүндөгү маймыл бирде жерде бирде бийикте. Адатынча тынбайт

Канаттуу - набу

Борбордо өрдөктүн бир нече түрү бар

Кичинекей жылкы - Пони

Кичинекей жылкы - Пони

Пржевальский жылкысы

Бугунун бир түрү

Таз жору да көп жылдан бери бул жерде

Төө. Учурда алардын түлөп жаткан мезгили

Төөнүн эркеги ургаачысын жана ботосун калкалап чоочун адамдарды жакын жолотпойт

Жапайы топоз

Жапайы жаныбарларды коргоо борборунда эшек дагы бар
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Жапайы жаныбарларды коргоо борбору жайгашкан. Борбордун жалпы аянты 7,5 гектар болсо, анын 3 гектарында жаныбарлар кармалат. Учурда бул борбордо жаныбарлардын 33 түрү багылат, алардын саны 133. Бул жердеги жаныбарлардын ичинен эң картаңы күрөң аюу экендигин айтышат кызматкерлер. Эки аюу 1995-жылдан бери ушул жерде. Көпчүлүктү тор ичиндеги 2 маймыл кызыктырат экен. Мындан сырткары ак куулар дагы көрүүчүнү өзүнө тартат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

