super.kg logo
  Саясат  

Экс-депутат Асия Сасыкбаева: “Бул жашоодо тозокту күтүп отурбай элге дем берип, ишенимди кайтаруу керек”

 

11-мартта Бишкекте Кыргыз Республикасынын сотторунун XI курултайы өттү. Ага президент Сооронбай Жээнбеков катышып, сотторго тозок жана бейиш тууралуу айтып берди. Анда ал "Акыйкаттуу чечим кабыл алган сот бейишке, чындыкты билип туруп, акыйкатсыз чечим чыгарган соттор тозокко кирет", - деп айткан.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Мамлекеттик кызматкерлерди тозок менен коркутуп коррупцияны жеңсе болобу?" деген соболуна экс-депутат Асия Сасыкбаева жооп берди.

Ал тозокко түшөбүзбү же бейишке киребизби ал Кудайдын иши деген пикирин айтты.

“Өлкө башчы тозок тууралуу эмоционалдуу айткан. Мындай эмоционалдуу сөздөрдү мурунку президент деле айтчу. Бирок иш жүзүндө эч нерсе өзгөрбөйт экен. Ошондуктан мыйзамдын чегинде жазалаш керек. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун мурунку соту Эрнис Чоткараев 1 миң 300 иштин материалдарын жок кылып, качып кетти. Аны убагында кармап, соттоп, туура эмес кылган иштерин башка сотторго көргөзүү керек болчу. Ошондо жыйынтык көрүнүп, сот системинде реформа болуп жатканы байкалмак. Соттор туура эмес иштегендиктен жазаланып жатканын көргөн элдин сот адилеттүүлүгүнө ишеними көтөрүлөт эле.

Тозокко түшөбүзбү же бейишке киребизби ал Кудайдын иши. Кыргыз мамлекетинде соттордун улуттук кеңеши бар. Ага соттор туура эмес чечим кабыл алса эл кайрылат. Бирок алар эч нерсе кылбайт. Тилекке каршы, анын башында коррупционерлер турат. Аларды ким иретке келтирет? Бул жашоодо тозокту күтүп отурбай элге дем берип, ишенимди кайтаруу керек. Бүгүнкү күндө соттор дагы деле пара алып, саясий буйруктарды аткарып жатат. Соттор ачык эле мыйзамсыз чечимдерди чыгарып, мурунку президент менен кошо адамдарды далили жок саясий куугунтукка алышты. Бүгүнкү күндө эч кимди жазалаганга эрки жетпей жатат. Ал жөнүндө айткандары да жок ”, - деди Сасыкбаева.

Саясатчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров, Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова, Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишкердик кеңешинин төрайымы Нурипа Муканова, акын Темирлан Ормуков жана саясат таануучу Даниэл Кадырбековдун пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: