super.kg logo

"Кырк чоро" бирикмеси 8-мартта Бишкекте жүрүшкө чыккандарды сотко берет

 

"Кырк чоро" бирикмеси 8-мартта Бишкекте жүрүштү уюштургандарды сотко берет. Бул тууралуу SUPER.KG'ге аталган бирикменин лидери Замирбек Көчөрбаев өзүнө козголгон кылмыш иш боюнча Октябрь РИИБине сурак берип чыккандан кийин кабарлады.

Көчөрбаев алардан сот аркылуу 5 миллион сом өндүрүүнү көздөп жатканын белгиледи.

"8-марттагы жүрүшкө чыккандар боюнча телеканалдардын биринде "булар улуттук баалуулуктарга шек келтирди, сотко берүү үчүн жашаган даректектерин тактап жатам" деп айткам. Себеби сотко арыз алып барсам "дареги жок экен" деп арызды кабыл албай койгон. Ошондон улам даректерин чогултуп жаткам. Бирок алар муну коркутуп жатат, үйүңдү өрттөп кетем деп жатат деген маңызда түшүнүп милицияга арыз жазып коюшуптур. Ал арыздын негизинде мага Кылмыш-жаза кодексинин 119-беренесинин негизинде "бейбаштык" боюнча кылмыш иши ачылып, бүгүн сурак берип чыктым. Эми мен дагы жүрүштү уюштургандарды сотко берип, 5 миллион сом өндүрүп алууну көздөп жатам", - деди Көчөрбаев.

Ошондой эле жүрүшкө уруксат бергендерге юридикалык баа берүү үчүн прокуратурага кайрылганын кошумчалады.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(6)
12.03.2019. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сотко бергиле бизге акылы жоктордун кереги жок.Кыргызстандан чыгып кетип жашашсын жол ачык . Жаш кыздардын , балдардын психологиясын бузуп атышат ..
12.03.2019. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Atas,
Чоролор дагы кыргызстандан чыгып кетишсин.
13.03.2019. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул чоролор эркектерден куралганбы озу?
13.03.2019. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колдойм мен уяты жоктор кантип чыкты
13.03.2019. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Колдойм
13.03.2019. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чоролор гул менен тосуп алып анан сотко берем дейт кууп чыгарыш керек экоонутен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: