super.kg logo

Татарстанда Путинге көрүстөн орноткон активист камалды

 

Орусиянын президенти Владимир Путинге көрүстөн орноткон активист 28 күнгө камалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 10-мартта Татарстандын Набережные Челны шаарынын Тергөө комитетинин алдында активисттер Путиндин сүрөтү түшүрүлгөн эстеликти орнотуп кетишкен. Эстеликке орус президентинин толук аты-жөнү менен кошо "1952-2019" деген жазуу түшүрүлгөн.

Активисттер полиция тарабынан кармалып, шаардык сотко жеткирилген. Алардын бири Карим Ямадаев көрүстөндү орнотконун моюнуна алып, мындай кадамга интернеттеги көзөмөлдү күчөтүү боюнча жаңы кабыл алынган мыйзамдарга каршы экендигин билдирүү үчүн баргандыгын айткан.

"Мыйзамга ылайык, ар бир адам өз оюн эркин жеткирүүгө укуктуу. Мындай кадамым менен интернеттеги эркиндикти чектеп жаткан президентке каршы экенимди белгилегим келди", - деп билдирген Ямадаев.

Шаардык сот активистти 28 суткага камакка алуу тууралуу чечим чыгарып, ага жардамдашкан таанышы Рузиль Мингалимовду 6 суткага абакка кести.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
13.03.2019. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Акчасы көп,пиарды жакшы көргөн бекерчи неме го.Эстелик деле бекерге же аз акчага жасалган док да, тирүү адамдын эле эстелигин мынтип тургузганы адамдын үрөйүн учурат го.
13.03.2019. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ХХХХ акмак бул кесепети биздин манкурттарга жукбаса экен
Модератор admin_portal түзөттү 2019-03-13 14:37:53
13.03.2019. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар турдуу адамдар болот
13.03.2019. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда туруп билбейсиңер да. Россиянын чоң шаарларынан башка жерлери бизден начар жашайт. Коррупция өлчөмү чоң. Нараазы адамдар өтө көп. Азыр биз Первый каналдан "сонун жаңылык" көрүп билбейбиз да
13.03.2019. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
newman, жакшы эле билебиз. Россиядагыдай айлык пенсия балдарга пособия алганда биз иштебей үйдө жатып жыргап жашайт элек. Мен мисалы үчүнчү балам үчүн 3 жашка чейин 15 миң руб пособия алып аттым. Ошол чет жактары иштебейт жалкоо. Жерлери жатат сонун кара топурак иштеткен адам жок
13.03.2019. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Take_men,сиз туура айтып жатасыз,Бирок биз кобунчо айлыгы жакшы болгон чон мегаполистерде жашайбыз(кыргыздар). Бирок мен мисалы озум квартираны жалгыз же келинчегим болуп снимать этип жашаш оор. Андай оз каалагандай болуп жашасак анда Россияда эле журо бериш керек, уй жай кылбай. Баардык жактан эконом кылбасын, кийинки келечекке бир нерсе кылуу кыйын жана мумкун эмес
13.03.2019. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
newman,туура айтасыз сизге толугу менен кошуламын, кобу ойлошот экен Россияда баардык айлык акылары чон шаарлардагыдай деп андай эмес! Ички миграция абдан куч, айыл жерлеринде ээн калган же корунуштору абдан начар уйлорду коросун.Шарттар конул жылытаарлык эмес.
daniel87 түзөттү 2019-03-13 18:32:31
13.03.2019. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кылыптыр!. Азыр арбир кишинин телефонун текшерип бурмалап турат Путин интернет ошонун колунда, элдер недеп атат деп, митинг тер бекеринен чыккан жок! телефонду адиске текшертиш керек кантрол барбы жокбу, анан колдонуу керек, урматтуу мусулман туугандарга гана айтарым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: