super.kg logo

Депутат: "Мектеп окуучулары клей жыттап кумар алышат экен. Буга тиешелүү чараларды көрүү керек"

 

Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүп жатат. Анда "Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Талкуу учурунда депутат Дастанбек Жумабеков мектеп окуучуларынын арасында кумар алуу үчүн клей жыттагандар көп экенин айтып, тиешелүү чараларды көрүү керек экенин белгиледи.

"Окуучулар базарларда сатылып жаткан "супер клейлерди" алып жыттап жатышыптыр. Өспүрүмдөр ушундай нерселер менен кумар алышат экен. Муну базарларда сатканга тыюу салганга болбойт. Бирок түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, сабак боло турган роликтерди чыгарсаӊар. Клейлерди саткан жерлерде өспүрүмдөргө сатпагыла дегендей иш-чараларды жүргүзүү керек. Мунун алдын алуу зарыл. Келечекте клей жыттаган модага айланып кетиши мүмкүн. Жаштар жаман нерсеге бат ооп кетет. Айрыкча мектеп окуучуларынын арасында көп экен. Алардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатат", - деди эл өкүлү.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев депутат айткан сунуш эске алынарын айтып, клей жыттоонун зыяндуу жагын чагылдырган атайын видеоролик даярдаларын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
13.03.2019. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Клей жонундо эми уктунарбы мурунтан бар го,клей эмес насвай тамеки спиртнойду деле жаш балдарга сата берет го,андай дукондор м.н тушундуруу жолу м.н курошууго мумкун эмес,анчылыка чыккандай кармаш керек,бир кичинекей баланы дуконго киргизип сыртта кутуп сатса ошол замат кирип кармап штрафты салыш керек
13.03.2019. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyz_bloger,буларга эми жеткен окшойт мен да 2010-жылы уккам клей жытташат экен окуучулар деп.
13.03.2019. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bir bolom 10 klassta okuit.Anan oturup owol jonundo soz bolup kalyp,sen da jyttadyn bele desek aa men munu echak ele jyttagam deit murdu balta kespei.Bizdin deputattar akcha jese aldyga kiwi salbai jeit,anan janylykka eldin artynda jetet,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: