super.kg logo

Кулматов менен Ибраимовдун кылмыш иши боюнча соту. Журналисттер жана туугандары сот залына кирбей калышты

 

Бүгүн, 13-мартта экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго козголгон кылмыш иш боюнча соттук отурумга айрым журналисттер жана тарапташтары киргизилбей калды. Буга залдын тар экендиги себеп болууда.

Кубанычбек Кулматовдун жубайы Жамиля Кулматованын айтымында, зал тар болуп жатканы буга чейин да айтылган.

Мындан мурунку соттук отурум 6-мартка белгиленип, кайра бүгүнкүгө жылдырылган болчу. Соттук отурумдун жүрүшүндө зал кичинекей болгондуктан айыпталуучулардын тарапташтары, жакындары жана журналисттер батпай, ЖМКнын өкүлдөрү сыртка чыгарылган. Айыпталуучулардын жактоочусу Сергей Слесарев сот отурумун өткөрүү үчүн эч кандай тиешелүү шарттар каралбаганына нааразы болгон.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Кубанычбек Кулматовго карата 2018-жылдын май айында "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, июнь айында камакка алынган. Ал Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

Албек Ибраимовго карата 2018-жылдын май айында “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш экс-мэрдин “Дастан” ишканасын жетектеп турган мезгилге байланыштуу экендиги айтылган. Июль айында ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. Кийинчерээк Ибраимовго карата “коррупция” беренеси боюнча жаңы айып угузулган. Анда ал Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталууда.

Ушул жылдын 6-мартынан тартып Кулматов менен Ибраимовдун иштери бириктирилип, сотто карала башталды. Эки экс-мэрдин ишине байланыштуу жалпысынан 14 адамга айып коюлган.






Экс-мэрлер Кулматов менен Ибраимовдун иши боюнча соттук отурумга туугандары жана айрым журналисттер кирбей калышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: