"Кырк чоронун" мүчөлөрү 8-мартта Бишкекте өткөн жүрүшкө уруксат бергендердин отставкасын талап кылып мэриянын алдына топтолду




Бүгүн, 13-мартта Бишкек шаардык мэриясынын имаратынын алдына 20-30 чакты адам топтолду. Көпчүлүгү "Кырк чоро" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү, арасында Муфтияттын өкүлдөрү жана активисттер бар. Минитнгдин катышуучусу, активист Аманбол Бабакулов мында топтолгондордун талаптарын айтып берди.
Ал белгилегендей, бүгүн алар 3 талап менен чыгышкан:
1. 8-мартта Бишкектеги жүрүшкө уруксат бергендер жоопко тартылып кызмат ордунан кетсин.
2. Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдөгү өкмөттүк эмес уюмдар жана транссексуалдар боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, кабыл алсын.
3. Бийлик 1-майда өтө турган жүрүштү болтурбашы керек.
Митингде сөз сүйлөгөн Бабакулов бул жүрүшкө калкка көрүнүктүү адамдар да барып, жүрүштөгү айтылган талаптарды колдогону туура эмес болгонун белгиледи.
"Равшан Жээнбеков, Рита Карасартова, Эдил Байсалов элге көрүнүктүү адамдар, бирок алар ушул жүрүшкө чыкканы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек. Алар кыргыздын менталитетине туура келбеген нерселерди пропагандалоого катышышты", - деди ал.
Окуянын чоо-жайы.
8-мартта "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылы тынч жүрүшкө чыгышкан. Уюштуруучулар бул иш-чарага катышкандардын саны 500гө жеткенин маалымдаган. Акцияга катышкандар аялдардын укугун коргоо, аларга тиешелүү деңгээлде көңүл буруу деген өңдүү чакырыктар менен чыгышкан. Бирок анын жүрүшүндө айрым катышуучулар ЛГБТнын желектерин жамынып, окшош жыныстуу мамилени колдоо чакырыктарын ачык жүргүзүшкөнү байкалган. Бул коомчулукту кыжырлантып, мындай максаттагы жүрүштөргө шаардык бийлик уруксат бербеш керек болчу деген сындарды айтышкан. Өз кезинде Бишкек шаардык мэриясы мамлекеттин мыйзамдарына ылайык, тынч митингддерди өткөрүүгө эч кимге тыюу сала албай тургандыгын кабарлаган.
Ал эми "Кырк чоро" "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын жүрүшкө чыгары белгилүү болгондо эле аларга каршы болуп, жүрүш учурунда аны үзгүлтүккө учуратабыз деген билдирүүсүн таратышкан. Бирок алар 8-март күнү аталган кыймылдын жүрүшүнүн катышуучуларын гүл менен тосуп алышкан болчу. Кийин "Кырк чоро" бирикмеси 8-мартта Бишкекте жүрүштү уюштургандарды сотко берерин маалымдаган.







1 |