Индияда интернеттеги видеосабактын жардамы менен көз жарган келин каза болду
Индияда интернеттеги видеосабактын жардамы менен көз жарган келин каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 26 жаштагы келин Биландпур шаарында батирди ижарага алып жашаган. Көп күн өтпөй коңшулары батир ээсине анын эшигинин астынан кан агып жатканын кабарлашкан. Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери эне-баланын жансыз денесин жана алардын жанынан кайчы, жиптерди табышкан.
Каза болгон кыздын телефон аркылуу көргөн акыркы видеосу өз алдынча төрөө тууралуу видеосабак болгон. Укук коргоо органдарынын билдиргенине таянып жазылган маалыматка ылайык, кыз турмушка чыккан эмес. Ошондой эле ал ата-энесинен корккон үчүн төрөтканага кайрылбаганы маалым болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
-2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.