Жарандык активист: "Балдардын, аялдардын укугу корголбой жатканда активисттер митингге чыгышкан эмес"

Бүгүн, 13-мартта "Кырк чоро" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү, Муфтияттын өкүлдөрү жана жарандык активисттер Бишкек шаарынын мэриясынын алдына 8-мартта "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын өткөргөн жөө жүрүшүнө каршы митингге чыгышты.
Анда өзүн жарандык активист деп тааныштырган Адилет Али ЛГБТны пропагандалоого каршы экенин айтты.
"ЛГБТны пропагандалоого каршымын. Бирок көйгөй мурда деле болгон, аны жокко чыгарып, жашырсак жок болуп кетпейт. Укук коргоочулар, кыргыздын келечегине күйгөндөр ушул маселени чечүү боюнча талкууга барышы керек. Буга чейин балдардын, аялдардын укугу корголбой жатканда активисттер митингге чыгышкан эмес. Бүгүн бул жерге келген көпчүлүк молдолор башка учурда унчугушпайт. Бул маселени мынчалык ырбатуунун кереги жок. "Жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап" деген кыргыздын сөзү бар. Өрт өчкөндөн кийин бул маселени кайра көтөрүүнүн кажети жок", - дейт ал.
Окуянын чоо-жайы
8-мартта "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылы тынч жүрүшкө чыгышкан. Уюштуруучулар бул иш-чарага катышкандардын саны 500гө жеткенин маалымдаган. Акцияга катышкандар аялдардын укугун коргоо, аларга тиешелүү деңгээлде көңүл буруу деген өңдүү чакырыктар менен чыгышкан. Бирок анын жүрүшүндө айрым катышуучулар ЛГБТнын желектерин жамынып, окшош жыныстуу мамилени колдоо чакырыктарын ачык жүргүзүшкөнү байкалган. Бул коомчулукту кыжырлантып, мындай максаттагы жүрүштөргө шаардык бийлик уруксат бербеш керек болчу деген сындарды айтышкан. Өз кезинде Бишкек шаардык мэриясы мамлекеттин мыйзамдарына ылайык, тынч митингдерди өткөрүүгө эч кимге тыюу сала албай тургандыгын кабарлаган.
Ал эми "Кырк чоро" "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын жүрүшкө чыгары белгилүү болгондо эле аларга каршы болуп, жүрүш учурунда аны үзгүлтүккө учуратабыз деген билдирүүсүн таратышкан. Бирок алар 8-март күнү аталган кыймылдын жүрүшүнүн катышуучуларын гүл менен тосуп алышкан болчу. Кийин "Кырк чоро" бирикмеси 8-мартта Бишкекте жүрүштү уюштургандарды сотко берерин маалымдаган.





1 |