super.kg logo

Ошто унаа уурдоого шектелип 20 жаштагы жаран кармалды

 

Ош шаарында унаа уурдоого шектелип 20 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү Ош шаарынын Алмалык айылынын тургуну болгон. Ал мурда дагы ушундай кылмыш менен Жалал-Абад шаарында кармалып, жазага тартылган.

"6-марттан 7-мартка караган түнү Ош шаарынын тургуну эртең менен Мерседес үлгүсүндөгү унаасын токтотуп койгон жеринен таппай калып, милицияга арыз жазган. Иликтөө иштеринин натыйжасында 7-мартта унаа Ош шаарынын четинен табылган. Ошол эле күнү кечинде Ош шаарынын ооруканаларынын биринде дарыланып жаткан жеринен шектүү Т.Б. кармалган. Алгачкы тергѳѳнүн маалыматтарына караганда, шектүү ооруканалардын биринде дарыланып жатып, өз алдынча чыгып кеткен. Ал ичимдик ичип, мас абалында аталган унаанын эшигин ачып машинаны айдап кеткен. Андан соң унааны шаардын четине таштап, эртең менен ооруканага келип ордуна жатып калган. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланып, шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп билдирет басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.03.2019. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир айлангысы келиптир
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: