super.kg logo

4-марттан бери жол эрежесин бузуу боюнча 12 миң 734 токтом иштелип чыкты

 

4-марттан бери жол эрежесин бузуу жөнүндө 12 миң 734 токтом иштелип чыгып, 5 миң 686сы унаа ээсинин дарегине жеткирүү үчүн "Кыргыз почтасына" өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи фазасын ишке ашырууга даярдык көрүү маселеси боюнча өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өткөргөн кеңешмеде айтылды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов "Кыргыз почтасы" токтомдорду унаа ээлерине жеткирип баштаганын жана жол кырсыктарынын саны азайганы байкалып жатканын белгиледи.

"Унаа айдоочулар арасында кошумча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жаралган бардык юридикалык маселелер боюнча жарандарды кабыл алуу жүрүүдө. "Кыргыз почтасы" жол эрежелерин бузуулар жөнүндө токтомдорду жеткире баштады. Ошону менен бирге марттын башынан бери жолдордо жол кырсыктарынын азайышы, ошону менен бирге өлүмдүн саны азайганы байкалууда. Жол кыймылынын катышуучулары жол эрежелерин сактай башташты", - деди ал.

Андан кийин Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев маалымат берди. Ал долбоордун экинчи фазасын ишке киргизүүнүн кечигүүсү инженердик түйүндөргө аппараттык-программалык комплекстерди кошуу үчүн уруксат кагаздарын макулдашуунун создуктурулушу менен байланыштырды. Бирок учурда келип чыккан маселелер чечилгенин айтты.

Мухаммедкалый Абылгазиев долбоорду жүзөгө ашыруу өкмөттүн ишинин башкы артыкчылыктарынын бири экенин белгилеп, долбоордун экинчи баскычын ишке киргизүүгө даярдык көрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.03.2019. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орустарга бербей эле оз кучубуз менен эле шашпай ишке ашырсак жакшы болмок мындайда биздин жеке малыматтарыбызды да башка олкого откоруп берип жатабыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: