super.kg logo

Бишкекте кыргыз айым режиссёрлорунун кино форуму өтөт

 

15-16-март күндөрү борбор калаабызда кыргыз айым режиссёрлорунун кино форуму өтөт. Былтыркы жылдан тарта форум эл аралык деңгээлге чыгып, коңшу мамлекеттерден коноктор чакырылган. Бул жылы да чет мамлекеттерден белгилүү режиссёрлордун катышуусу күтүлүп жатат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Белгилүү болгондой, кино форум 2 күнгө созулат. Биринчи күнү чыгармачыл адамдардын тажрыйба алмашуусу болсо, экинчи күнү катышуучулар тарткан тасмалар көрсөтүлөт.

"Бул жылы 12 тасма тандап алынып, алардын ичинен "Эң мыкты" аталган тасманын авторуна "Азия чыгармачыл айымдарынын" коомдук фонду тарабынан техникалык колдоо көрсөтүү тууралуу сертификат берилет. III Кинофорумга Орусиядан режиссёр-документалист Галина Евтушенко жана "Россия" кинофестивалынын директору Инна Демежко, Беларустан режиссёр-документалист Галина Адамович келишет. Ошондой эле Казакстан Республикасынан катышуучулар келери күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Форумдун максаты - режиссёр айымдардын башын бириктирүү, өз ара пикир алышууга шарт түзүү, Кыргыз киносун эл аралык деңгээлге көтөрүү жана Кыргыз өлкөсүндө айымдардын укугунун бузулуп жаткан фактыларын тасмалар аркылуу көтөрүп чыгуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.03.2019. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой бизде жанакы, Ырыс апа Жоомартова деген "великая" режиссерубуз бар го... ошону кошуп койгула, башкаларга эптеп септеген кино кантип тартканды уйротуп койсун)))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: