Депутат тамекини жарнамалоого жол берилбеши керектигин айтты
Коомдук жайларда тамеки, кальян, насвай тартууга таптакыр тыюу салынат. Бул тууралуу депутат Айнуру Алтыбаева "Парламент" радиосуна берген маегинде билдирди.
Ал тамекини жарнамалоого да жол берилбеши керектигин айтты.
"Сунушталып жаткан мыйзам долбоору аркылуу балдар ойногон ачык жана жабык аянтчаларда, коомдук транспортто, эс алуучу жайларда, суу жээктеринде, маданий иш-чаралар өткөрүлүүчү, эл көп чогулуучу жерлерде тамеки тартууга толук тыюу салынмакчы. Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, тыюу салынган жайларда чылым чеккен жеке жарандарга өзүнчө, ага жол берип, шарт түзгөн юридикалык жактарга өзүнчө айып пул салуу жактары каралган", - дейт Алтыбаева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:08
2025-07-22

9:59
2025-07-22
9:47
2025-07-22

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.