super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Кыргыз-Тажик чек арасында абал оор. Лейлек районуна барган жол жабык, "жүк 200дү" да өткөрбөй коюшуптур"

 

"Кыргыз-Тажик чек арасында абал оор, өкмөт "Коопсуз шаар" жана "Жаңы кодекстер" менен алектенип, мамлекеттин коопсуздугун унутуп калды", - деп бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таабалды Тиллаев айтты.

"Чынында, бүгүнкү күндө ал жакта кырдаал оор. Лейлек районуна барган жол азыр жабык. Азыр эле мага билдиришкендей, кошуналарыбыз "Жүк 200дү" да өткөрбөй коюшуптур. Өкмөт акыркы күндөрү "Коопсуз шаар" жана кодекс менен алектенип, мамлекеттин коопсуздугун, жарандарыбыздын бейкуттугун унутуп калды.

Мына өкмөттүн өкүлү отурат, мен бир ай мурун эртең жазгы талаа иштери башталат, ошол жерде маселелер көтөрүлөт деп айткам, бирок эч кандай иш-аракеттер жасалган жок. Тажикстан менен Кыргыз өлкөсүнүн чек арасы боюнча эч кандай аракеттер көрүлгөн жок. Комитеттерде бул маселе көтөрүлгөн, бирок палатада каралган эмес. Тиешелүү мекемелердин өкүлдөрүн чакырып, маалыматтарды угуу керек", - деди депутат.

Буга Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков: "Биринчи вице-премьер министр эртең менен Баткенге учуп кетиптир, түштөн кийин келип катышат. Тиешелүү маалыматтарды берет", - деди.

"Эл арасында ызы-чуу башталды. Эмне сүйлөшүүлөр болуп жатат? Өкмөт өкүлдөрү келип маалымат беришсин", - деп кошумчалады депутат.

Кечээ, 13-мартта Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан улам 5-6 адамга таш тийип жаракат алышканы маалымдалган.






Депутаттар Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал тууралуу маалымат угууну сунушташты

Автор: Жылдыз Джускембаева
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: