super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Кызыл-Жар-12 шаарчасы аркылуу өткөн жолдо жол танбадас же танка менен гана жүрүш керек болуп калды. Абалы начар, насыя алсак дагы оңдоп салалы"

 

"Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр, Кербен, Кызыл-Жар-12 шаарчасы аркылуу өткөн 61 чакырым жолдо жеңил унаа менен жүрүүгө мүмкүн эмес, жол танбадас же танка менен жүрүш керек болуп калды" деп бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алмазбек Эргешов билдирди.

"Дастан Артисбекович, өткөндө түштүктү кыдырганда өзүңүз көрдүңүз эле, эл менен жолугушуу учурунда абал оор экен, жолдорду оңдоп берели деп убадаладыңыз эле. Ош-Бишкек жолунан оң жакка бурулуп кеткен Таш-Көмүрдөн Кербенге чейинки, Кербенден Ала-Бука, Ала-Бука-Чаткал, Чаткалдан Талас облусуна өткөн жол бар. Бүгүнкү күндө ошол жолдун Кербенге чейинки, андан аркы жактарынын абалы начар.

Насыя алсак дагы бул жолду оңдоп салбасак болбой калды. Тиешелүү комитетке кайрылып чечим чыгарып, Транспорт министрлигине тиешелүү документтер тапшырылган. Сиз протоколдук тапшырма берип, көзөмөлдөп берсеңиз", - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: