super.kg logo

Кыргыз-тажик чек арасында орун алган жаңжал боюнча Тажикстандын басылмасы 1 киши каза болуп, 20 адам жаракат алганын жазды

 

Кечээ, 13-мартта кыргыз-тажик чек арасында орун алган окуядан кийин Тажикстандагы Чоркух айылынын 43 жаштагы жашоочусу Хусейн Хакимов көз жумду. Бул тууралуу жергиликтүү Азия плюс басылмасы жазды. Маалыматка ылайык, Хусейн Хакимов мугалим болуп иштеген.

Басылманын Исфара шаардык мэриясына таянып жазганына ылайык, Хакимов Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан атылган октон улам каза болгон.

"Бул жаңжалда Ходжа Аъло айылынын 5 тургуну жаракат алып, дагы төрт адам Исфаранын борбордук ооруканасында жатат.

Ворухтун Точикон айылы менен Баткендеги Ак-Сай айылынын ортосунда жаңжал чыгып, алар бири-бирине таш ыргытышкан. Бул кырдаалда Тажикстан тараптан 20 адам жаракат алган", - деп жазылат маалыматта.

Аталган басылманын жеке булактарга таянып жазганы боюнча, жаңжал такталбаган жолдо Кыргыз тараптын жол оңдоо иштерин жүргүзүп жатканынан улам келип чыккан. Бул учурда Точикон айылынын тургундары демаркация иштери бүткөнгө чейин жол курууну токтотуп турууну талап кылган. Ак-Сай – Тамдык унаа жолун оңдоо 3 күн мурун башталган.

Бүгүн эртең менен Точикон кыштагынын башчысы Гафуржон Жураев телефон аркылуу жаңжал болгон чек арада абал туруктуу болбой жатканын билдирген.

"Алар Чакак аймагында жолду куруп аны Ворух дарыясынын үстүнө чейин жеткирүүнү каалап жатышат. Мындай жол менен алар Ворух жамаатын бардык тараптан тосуп коюшат. Бүгүн эртең менен ал жерге Кыргыз жана Тажик тараптан 200дөй адам топтолду", - деген Гафуржон Жураев.

Ал эми Исфаранын жашоочулары эки өлкөнүн чек араларын тактоодо, Кыргыз тарап менен сүйлөшүүлөрдө жергиликтүү бийлик пассивдүү болуп жатат деп нааразы болушкан.

Ошол эле учурда Тажикстандын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы боюнча маалымат катчысы Мухаммад Улугхожаев кыргыз-тажик чек арасында жаңжал башталгандан көп өтпөй эле абал көзөмөлгө алынганын кабарлаган.

"Биз билдирүү таратуудан карманып турабыз. Азырынча жаңжалдын эмне себептен келип чыкканы толук аныктала элек", - деген ал.

Маалым болгондой, Тажикстандын Согди облусу менен Кыргыз тараптан Баткен облусунун өкүлдөрү окуядан кийин чек арада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Кечээ, 13-мартта Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан улам 5-6 адамга таш тийип жаракат алышканы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
14.03.2019. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Путиндин саясаты, эптеп баткенге же ошко аскердик база курууну пландап жатат.
Биздин бийлик Путинге баш ийет,такталбаган аймакка буйрук берип жол ондомуш этип уруш чыгарды да
14.03.2019. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баткендеги жанжал бгн эле чыга калган жок. Бакиевдин убагында Мадумаров талаш болуп жаткан жерде тажиктерге тартуулоого убада берген деген сз чын экен. ОШол чун алар талашууда
14.03.2019. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Jaznura,далил мн суйлосон Бакиев убагында бир тажигин бир озбегин чек арага жакын жолобойт болчу Бакиев чыныгы элге керек президент эле сага окшогондор жарым ботолко арака алданып азыр Кыргызстанды баткакстан кылды Бакиев убагында укансынбы ушундай чек ара чырын
14.03.2019. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nemo2016,чыр эмне үчүн болгон эмес,ошол талаш жерлер берилмекчи болгон,кичине мээнет кылып интернет чукусан документтерди сүрөтү менен көрөсүң
14.03.2019. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Flowhive,сен ушак созго ишенип каралабагын сага окшогондор ушак созго ишенип Кыргызстанды баткакстан кылдынар
14.03.2019. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бул чек араны Атамбаев алты жыл бийликте отурду баарына чекит коюш керек болчу. Кыпындай дагы маселени чече алган жок. Эми ошентсе дагы түйүшттүү органда тең ата сүйлөшүп чек араны чечиш керек.
14.03.2019. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
баарыныарды сабырдуу болууга чакырат элем тиякта отурган 3 кучтор колдонуп кетпесин элибиздин биримдиги баарынан маанилуу
14.03.2019. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
120-кой парламентте ХХХХ такалап отурушабы ошол маселени чечишсин ошолордун милдетти на словах Лев Толстой а на деле ХХХХ Простой болушбай.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-03-14 13:20:04
14.03.2019. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Koichuman,ошону айтам. Жыйырмадай депуиат отурат жыйында,ар кайсы маселелер каралды деп сонку кабарда айтылып жатат. Ар кайсы маселени кое туруп чек арага чуркашса болмок да .кече кечке гейлерди айтышты. Ошо да маселеби тобооо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: