super.kg logo
  Саясат  

Өлкө башчы Кыргыз мамлекетинин чет өлкөдөгү элчилери менен жолугушууда Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыр боюнча үн каткан жок

 

Бүгүн, 14-мартта Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков элчилер жана консулдар менен жолукту. Кеңешмеге 27 элчи жана 7 консул катышты.

Мамлекет башчы Жээнбеков өлкөнүн эл аралык деңгээлде кадыр-баркын бекемдеп, улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүүдө мүмкүнчүлүктөрдү толук колдонуу зарыл экенин билдирди.

"Бул жалгыз Тышкы иштер министрлигинин гана эмес, бардык министрлик менен ведомстволордун да милдети. Ошондуктан кеңешмеге өкмөттүн бардык мүчөлөрү чакырылды. Германия, Швейцария, Франция, Венгрия жана Азербайжанга расмий иш сапарларым даярдалууда. Алар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка кызматташуу чөйрөлөрүндөгү алакабызды бекемдей алган иш сапарлар болот деп күтүүдөмүн.

Париж менен Рим шаарларында жашап, иштеп жаткан мекендештерибиздин саны өсүп жаткандыгын эске алуу менен Тышкы иштер министрлигине бекитилген бюджеттин ченеминде аталган шаарларда дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачуу маселесин караштырууну тапшырам", - деди Жээнбеков.

Кечээ, 13-мартта Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан улам 5-6 адамга таш тийип жаракат алышканы маалымдалган. Дагы бир адамга ок тийип, ага Баткен облустук ооруканасында операция жасалганы белгилүү болгон. Бул маселе боюнча бүгүн өлкө башчы Кыргыз мамлекетинин чет өлкөдөгү элчилери менен жолугушууда үн каткан жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: