super.kg logo

Кытайлык аял балам экзаменден мен айткан баллды алган жок деп андан баш тартты

 

Кытайдагы Лоян шаарында экзаменден эң жакшы эмес баллды алып калган уулунан апасы баш тартты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.

Маалыматка ылайык, эне-баланын ортосундагы жаңжал шаардагы көчөлөрдүн биринде орун алган. Басылмалардын күбөлөргө таянып жазганына караганда, аял 12 жаштагы уулун окууда жакшы баа ала албагандыгы үчүн жемелеп, тилдеген. Андан кийин баласын сабаганга өткөн.

"Аял баласын көчөгө таштап өзү унаасына отуруп айдап кеткен. Бир нече убакыттан кийин, ал баласына кайра келбегендиктен жолдон өтүп бара жаткан адамдар полицияга кабар беришкен.

Бала апасынын мындай жоругун ал экзаменден апасы күткөн баллды ала албай калгандыгы менен байланыштырган. Полиция кызматкерлерине "апам 95 балл аласың деген, мен 81 балл алып калдым" деп айтып берген", - деп жазылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, полиция баланын апасына байланышып, баланы алып кете тургандыгын сураган. Бирок аял андан баш тарткандыгын билдирген.

"Ал мага эми керек эмес, эмне кылсаңар өзүңөр билгиле. Мага иш козгосоңор да болот", - деген ал.

1 сааттан кийин окуучуну туугандарынын бири алып кеткен. Азырынча апасы аны кайтарып алганы же албаганы белгисиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
14.03.2019. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргыз кыздардын кайнежелери
14.03.2019. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул аялдын баласы дагы жакшы ОРТ тапшырбаптыр. 110 баллга жетпей 90 балл алса нарагын билесиңерда
14.03.2019. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиги апасы карыса кантет эми ботом.Копкон неме бейм...
14.03.2019. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Андан чоң иш кылып койгондорду деле, балам деп жүрөт...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: