super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбековдун бийлиги жүзүн ачты. "Супер-Инфого" карата рейдерлик аракет башталдыбы?

 

“Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси бүгүн Финполго суракка чакырылды. Буга “ММКларды колдоо борборунун” сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калып калган жаңылыш маалымат негиз болгон.

Белгилүү болгондой, “ММКларды колдоо борборун” бийлик тарабынан басымдар күч болгон 2002-2003-жылдары Кыргызстандагы сөз эркиндигин коргоо, көз карандысыз ЖМКларга колдоо көрсөтүү максатында Фридом Хаус уюму ачкан.

Гезиттен билдиришкендей, гезитке тиешеси жок башка бир ишкананын сайтындагы 6 жыл мурун жазылган маалымат үчүн оппозициялык басылманын башчысын суракка чакыруу акылга сыйбас көрүнүш. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын тапкан акылга сыйбай турган шылтоосу саясий же рейдерлик кызыкчылыкты көздөгөнү даана көрүнүп турат.

Окуя боюнча жакынкы аралыкта кенен маалымат берилет.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: