super.kg logo

Чек ара кызматы: "Кыргыз-Тажик чек арасында кайрадан абал курчуп, бир адам жаракат алды"

 

Кыргыз-Тажик чек арасында кайрадан абал курчуп, бир адам жаракат алды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз өкүлү Салкын Абдыкариева кабарлады. Анын айтымында, учурда бири-бирине таш ыргытып жаткан элди таратуу аракети көрүлүүдө.

"Саат 16:10 чамаларында Кыргыз-Тажик чек арасында абал кайрадан курчуп кетти. Ак-Сай айылынын Бакай аймагында эки өлкөнүн чек арага жакын турган 200гө жакын тургундары чогулуп бири-бирине таш ыргыта башташкан. Учурда эки өлкөнүн чек арачылары асманга ок чыгарып абалды жөнгө салуу аракетин көрүүдө. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, бир адам жаракат алыптыр. Ал октон жаракат алдыбы же таш тийип жаракат алдыбы азырынча белгисиз", - деди Абдыкариева.

Кечээ, 13-мартта Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан улам 5-6 адамга таш тийип жаракат алышканы маалымдалган. Дагы бир адамга ок тийип, ага Баткен облустук ооруканасында операция жасалганы белгилүү болгон. Бул маселе боюнча бүгүн өлкө башчы Кыргыз мамлекетинин чет өлкөдөгү элчилери менен жолугушууда үн каткан жок.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
14.03.2019. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Биздикилер асманга тажиктер биздикилерге атып жатса керек
14.03.2019. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негедир биздикилерге таш тийип,биздикилерге ок тие берет ошо чек арада.А биздин аскерлер аларга карата ок аткан болсо,аны срочно мойнун толгоп,тергоо жургузуп камап коюшат биздин коркок шестеркалар...
14.03.2019. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени бир суроо тынчымды койбойт: эмнеге биздин солдаттар ответ кылып атпайт?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: