super.kg logo

Чек арадагы чырда октон жаракат алган милиция кызматкерине операция жасалып жатат

 

Чек арадагы чырда октон жаракат алган милиция кызматкерине операция жасалып жатат. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова кабарлады. Анын айтымында, атылган ок милиция кызматкеринин оң бутуна тийген.

"Баткен облустук борборлоштурулган ооруканасына саат 17:00дө октон жаракат алган бир жаран алынып келген. Дарыгерлер тарабынан биринчи жардам көрсөтүлгөн. Учурда жандандыруу бөлүмүнө алынып, ок тийген жерине операция жасалууда. Абалы туруктуу", - деди Айгерчинова.

Ал эми Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы милиция кызматкери жаракат алганы боюнча төмөнкүдөй маалымат таратты. "Саат 15:00дөн баштап Баткен районунун Ак-Сай айылындагы тургундар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч органдарынын жетекчилеринин катышуусунда жыйын болду.
Ошол эле учурда Ак-Сай айылында Ворух айылы менен чек ара тилкесинде Кыргыз-Тажик жарандарынын ортосунда кайрадан пикир-келишпестик орун алып, бири-бирин таш менен ургулай башташкан. Коомдук коопсуздукту сактап турган милиция кызматкерлерине Тажикстан Республикасынын күч органдары тарабынан ок атылып, анын натыйжасында Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкеринин оң бутуна белгисиз ок атуучу куралдан ок тийген. Оор абалдагы милиция кызматкерин Баткен облустук борборлоштурулган ооруканасына алып келип, дарыгерлер тарабынан жардам көрсөтүлүп жатат. Азыркы убакта чыр-чатак чыккан аймактар Баткен милициясы тарабынан толук көзөмөлдө", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(11)
14.03.2019. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Толук козомолдо болсо, эмнеге уйлор, машиналар куйуп атат? Байкушт Баткендик мекендештерге куч кубат берсин Кудайым!
14.03.2019. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Маалыматты бурмалабай так бергиле, кантип озунор органда иштеп туруп кандай куралдан атылган ок тийгенин билбейсинер? Белгисиз курал деп тазза Кожожаштын мылтыгы менен атыптырбы эмне.
14.03.2019. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Артисиң барбы куудулуң барбы Баткен Баткен деп дайыма мыскылдайсыңар барып бир жума жашап көргүлө ушул жерлерде. Чоңдор отура бергиле оозуңарды ачып дагы кайсыл жерден жей калсам экен деп. Призидент,примьер, ИИМ, ТИМ эшек такалап отурасыңарбы ал жакта. Күйүп күйүп кетесиңда
14.03.2019. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Чек араны жабыш керек. Бизге мындай кошунанын кереги жок!!!
14.03.2019. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушу Баткендик елдерге рахмат айтат елем чег араны ушулар карап турат болбосо наркы далбандар кирип келет бийликтегилер карап койсонор боло
14.03.2019. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Samar90,туура айтасыз
14.03.2019. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Менин тушунугумдо жанжал Тажикистан менен чектешкен чек арада эмес, Кыргызстандын территориясы ичиндеги анклав жанында болууда...

Кыргызстан аймагында озбек, тажик аскерлери жайгашкан да, Барак анклавында биздин бир да чек арачы жок. Муну кандай тушунсо болот?!!

Жаап салыш керек анклавга кеткен жерди. Анклавды да жоюп, ал жерди озубузго алышыбыз керек! Кыргыздар байырлаган Жерге-Тал менен Мургаб Тажикистандын курамында калды, керек болсо анклав да эмес.
14.03.2019. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Анда эмнеге Ворух менен Сохто озбек, тажиктер жашайт деп анклав болуп калган?!! Эмнеге?!! Же бизде озбек, тажиктер жашабайбы Сох менен Ворухтан башка?!! Бул косяк Акаевден калган косяк.

Соке башында турган кыргыз бийлиги эмне л****, коркокпу?!! Эмнеге анклавка кеткен жолду жаап салышпайт?!

Жанжал кечоо башталса да эмнеге биздин бийлик эси ооп отурат ыя?!! Сокенин колунан иш кетпесе озу намыстанып отставкага кетсин, намысы болгон болсо.....
14.03.2019. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Patriot7777777,анклавдар тиии союз учурунан бери бар. До Акаева. Союз учурунда 49 жылга арендага алышкан экен. До сих пор не отдают.
14.03.2019. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оз жерибизде булар баш которуп атышат, бир демке кылгыла кана ИИМ жана УКМК.
Карагыла биздин милициялар жаракат алып олтурушат.
14.03.2019. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баткендик кандаштарга куч кубат берсин !биздин чон курсактар курсагынан которуп баргыча качан ..андан коро биринин этин бири жеп сындап отура беришсин..Кудайым озу жардам берсин..айла жок ыйлап кана Тим болуп отурам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: