super.kg logo

Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан жалпы үч адам октон жаракат алып, учурда ооруканада жатат

 

Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан жалпы 3 адам ооруканага жаткырылган. Алар октон жаракат алгандар.

Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин Баткен облусундагы координатору Арзыбек Бөрүбеков SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында кечээ бир адам октон жаракат алса, бүгүн экөө жабыркаган.

"Кечээ, 13-мартта бейтапканага түшкөн адамга операция жасалган. Анын жаракаты оор, учурда абалы да оор. Ал эми бүгүн бизге түшкөн экинчи жаран бутунунан жабыркаган, ал жандандыруу бөлүмүндө жатат. Үчүнчү жаранды "Тез жардам" кызматы алып кетип ооруканага жайгаштырды. Азыркы убакта Ак-Сай айылында биздин кызматкерлер жеринде иштеп жатышат. Биз тараптан бардык дары-дармектер жетиштүү", - деди Бөрүбеков.

Кечээ, 13-мартта Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан улам 5-6 адамга таш тийип жаракат алышканы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
14.03.2019. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Апрель баатырлары унунор чыкпайт ко.Мына анык чек араны коргоп ок тийип баатырлар деп ушуларды айтыш керек.
14.03.2019. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Tolkun555,Жанагы кырк чоро-мырк чоро деген жарма патриотторчу...
14.03.2019. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Tolkun555,ийин ийнине кирип кетишкен баары дагы эле карапайым калк таш менен болсо да өз жерин коргоп олтурат. Тойбогондор ойлонбой сатып жеп бүтүрүшкөн канча жерлерди
14.03.2019. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Озуно эстелик койгон баатырлар каяка кеттинер.
15.03.2019. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бюурса чек араны тактоодо бийлик колунан келген аракетин көрсүн болбосо тажиктер менен чектеш чек араларды жаап салсын өздөрү жүгүнүп келишет.
15.03.2019. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чек арадагы чатакты чыр менен эмес, дипломатиянын жолу менен чечуу керек. Сабыр кылалы. Элибизде тынчтык болсун
15.03.2019. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баткендик туугандарга рахмат. Таш менен болсо дагы Кыргыз жерин коргоп атышат. Ушул адамдарды Баатыр десең болот автоматчан тажиктерге таш менен каршы турган!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: