super.kg logo

Чек ара кызматы: "Чек арадагы чырдан Тажикстандын канча жараны жаракат алып, канчасы каза болгону боюнча бизде маалымат жок"

 

Кыргыз-Тажик чек арасындагы чогулган эл үйлөрүнө тарап, абал турукташууда. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз өкүлү Салкын Абдыкариева кабарлады.

Анын айтымында, учурда Ак-Сай-Тамдык жолунда 20дай гана адам калды. Бирок тосулган унаа жолдор дале ачыла электигин белгиледи.

"Учурда чек арадагы Ак-Сай-Тамдык жолуна чогулган эл тараптан 20дай гана адам калды. Башкача айтканда абал турукташты. Учурда эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү чек араны кайтаруу, курал колдонбоо жана элди таратуу маселесинин үстүндө сүйлөшүп жатышат. Бирок Баткен-Лейлек жана Исфара-Ворух жолу ачылбай турат", - деди Абдыкариева.

Буга чейин чек арадагы чырдан Тажикстандын эки жараны каза болуп, дагы 20дай адам жаракат алганын аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышкан. Салкын Абдыкариева Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик чек арасында мындай маалымат жоктугун билдирди.

"Бизге Тажикстан тарап канча жараны каза болуп, канчасы жаракат алганы боюнча маалымат берген жок. Расмий маалымат беришсе, биз дагы кабарламакпыз. Бирок Тажикстандын аймагындагы кырдаалды жана алардын кыймыл-аракети боюнча биз маалымат бере албайбыз", - деди басма сөз катчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.03.2019. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тынчтык эле болсо экен
14.03.2019. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өздөрү баштаган жаңжалды аз болсун аларга
15.03.2019. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чек арадагы чатакты чыр менен эмес, дипломатиянын жолу менен чечуу керек. Сабыр кылалы. Элибизде тынчтык болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: