super.kg logo

Кызыкчылык көрсөтүүгө чакыруу

 

ЮНИСЕФ Кыргызстан камсыздоочулардан кызмат көрсөтүүнү, товарларды тендер аркылуу сатып алуу үчүн рыноктун анализин жүргүзүп, КАМСЫЗДООЧУЛАРДЫН МААЛЫМАТ БАЗАСЫН түзүп жатат.

БУУнун Кыргыз Республикасындагы балдар фондунун өкүлчүлүгү (ЮНИСЕФ) фонддун ишмердиги үчүн зарыл болгон кызмат көрсөтүү жана товарларды жеткирүү боюнча жергиликтүү рыноктун потенциалын баалоо үчүн өлкө ичинде анализ жүргүзүп жатат. Бул анализдин негизги жыйынтыктарынын бири ЮНИСЕФТИН долбоорлору үчүн кызмат көрсөтүү, товарларды сатып алууда тендерге катышуучу дасыккан КАМСЫЗДООЧУЛАРДЫН МААЛЫМАТ БАЗАСЫН түзүү болмокчу. ЮНИСЕФ Кыргызстан ишмердүүлүгүнүн алкагында 61 категориядагы кызмат көрсөтүү, товарларды сатып аларын аныктады. Бул себептүү ЮНИСЕФ сунушка кызыккан камсыздоочулар менен подрядчыларды ЮНИСЕФТИН МААЛЫМАТТАР БАЗАСЫНА катталуусуна чакырат. Камсыздоочулар каттала турган категориялары боюнча уруксат документтери жана тиешелүү тажрыйбасы бар болсо, бир учурда бир канча категория боюнча каттала алышат.

Сунушубузга кызыккан камсыздоочулар маалыматтар базасына катталуу үчүн www.vendorcef.org веб-сайтында онлайн каттоо форманы толтуруусу керек. Эрежелер жана талаптар менен ушул сайтта жайгаштырылган “билдирмени онлайн толтуруу боюнча нускаманы” окуп тааныша аласыз.

2019-жылдагы тендерлерге катышууну каалагандарга 2019-жылдын 29-мартына чейин катталуу сунушталат. Камсыздоочулардын маалыматтар базасына андан ары катталуусуна убактысы боюнча чектөө жок. Бул учурда билдирмени баалоо индивидуалдык негизде жүргүзүлөт.

Маалыматтар базасына катталуу ЮНИСЕФ менен камсыздоочунун ортосунда эч кандай юридикалык милдеттендирме эмес. Сатып алуу ЮНИСЕФтин ички эреже жана жоболорунун негизинде жөнгө салынат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: