Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаалдын кесепеттерин иликтөө үчүн биргелешкен тергөө топтору түзүлөт







Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаалдын кесепеттерин иликтөө үчүн биргелешкен тергөө топтору түзүлөт. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан кабарлашты.
Андагы маалыматка караганда, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бүгүн, 15-мартта Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим баштаган тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдүн экинчи этабын өткөрдү. Ага ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев, Тажикстандын ички иштер органдарынын өкүлдөрү да катышты.
Жеңиш Разаковдун айтымында, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар орун алган бардык маселелерди четтетүү жөнүндө эки жактуу ниеттерин билдиришти жана өз ара шарттарды талкуулашты. Ал белгилегендей, тажик тарап да жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.


Баардык проблема биздин жепжутарларда турат. Улукбек Кочкоров бул проблеманы зар какшап айтып келген. Каняалаган пример.министрлер келген. Бирок чечкиндүү кадамга эч кимиси барган эмес. Туугандар күнөөнүн баары бийликте. Убагында чечиш керек эле, жеке кызыкчылыктарды артка коюп. Эми баары кеч. Көп жерлерибизди алдырып койгонбуз. Айылдарда жашоо мүмкүн эмес, себеби иш жок.