super.kg logo

Кыргыз-Тажик чек арасындагы чырда көкүрөк тушуна ок тийген жаран өз алдынча дем ала баштады

 
Бутунан жаракат алган милиция кызматкери
Ак-Сай айылында атылган октон далысынан жаракат алган тургун

Кыргыз-Тажик чек арасында чырда көкүрөк тушуна ок тийип Баткен облустук борборлоштурулган ооруканасында жаткан жаран дале жандандыруу бөлүмүндө жатат. Учурда өз алдынча дем ала баштады. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова кабарлады. Ал эми жарадар алган дагы эки жаран учурда травматология бөлүмүндө жатканын кошумчалады.

"13-мартта көкүрөк тушуна ок тийген жаранга операция жасалган. Азыр өз алдынча дем ала баштады. Бирок абалы дале оор болуп жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми бутунан жана далысынан жаракат алган эки жарандын абалы туруктуу. Экөө тең травматология бөлүмүндө жатат", - деди Айгерчинова.

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Таабалды Тиллаев, Карамат Орозова, Курманкул Зулушев жана Айнуру Алтыбаева Баткенге келип алардын абалы менен таанышып, андан кийин чыр орун алган Ак-Сай айылына жөнөп кетишти.

13-март күнү Кыргыз-Тажик чек арасында чыр чыгып, Ак-Сай жана Орто-Боз айылдарынын тургундары Тажикстандын чек арага жакын айылдарынын тургундары менен бири-бирине таш ыргытышкан. Буга байланыштуу Баткен-Лейлек жана Исфара-Ворух жолу жабылган. 14-март күнү түштөн кийин абал кайрадан күч алып, чогулган элди таратуу үчүн асманга ок атылды. Атылган октон 3 Кыргыз жараны жаракат алса, Тажикстандын дагы 2 жараны каза болуп, 20дай тургуну жаракат алганы жазылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
15.03.2019. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
7-апрелде Кайдагы мушташ,так талашуудан улам олгондорду баатыр дебей мына ушуларды баатыр десенер жарашат,Элин+жерин коргойм деп аракет кылып жатышат.
15.03.2019. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
силер келгенделе эмнени чече алмак эленер бекер эле бюджеттен акчаны коротуп толку жок эле келип кетесинер өзүбүздүн жерде өзүбүз жол салганга Тажиктерден уруксат сурап олтурабыз уят намыс деген барбы силерде бийлик.Ворух өзү анклав болсо жолду жапкылада силер кысып койгула эч нерсе откөрбөй ошондо көрөт элек макул болбогонун.
15.03.2019. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ворух анклавына алынар жетпейт Кыргыз бийлиги калганын ...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: