Акимдин орун басары: "Ош базарындагы" 4-жолку катталган өрт кырсыгынан жабыркаган соодагерлерге жардам көрсөтүлбөйт"



"Ош базарында" 4-декабрга караган түнү чыккан өрттөн жабыркагандарга эч кандай жардам берилбейт. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта SUPER.KG порталына Бишкек шаарындагы Ленин районунун акиминин биринчи орун басары Чынасыл Чыныбаев билдирди.
Белгилүү болгондой, "Ош базарынын" аймагында буга чейинки катталган 3 өрт кырсыгынан жабыркаган 488 соодагердин ар бирине Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 10 миң сом өлчөмүндөгү материалдык жардам көрсөтүлгөн.
"Соодагерлер берген маалыматтардын негизинде келтирилген чыгымдар эсептелип бүткөн. Өткөн жылдын бюджетине ал өрт кырсыгынан жабыркагандарга жардам берүү боюнча каражат каралып жана бекитилген эмес. Бүгүнкү күндө соодагерлерге жардам көрсөтүү каралган жок, андан сырткары 2019-жылдын бюджетине да бул маселе боюнча каражат бекитилген эмес. Сатуучуларга мурунку соода орундары өз калыбына келтирилип берилген, соодагерлер ал жерде соодасын улантууда", - деди Чыныбаев.
Окуянын чоо-жайы:
"Ош базарында" 4-декабрга караган түнү чыккан өрттөн 40ка жакын соодагердин соода оруну толугу менен күйүп кеткен. Аймактык тескөөчү окуядан бир күн мурун базар жабык болгонун жана ширетүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирген.
Аталган базарда 4-жолу өрт кырсыгы катталууда. Буга чейин "Ош базарында" 3 жолу өрт кырсыгы болгон. Биринчи жолу 30-январда эртең менен базардын борбордук бөлүгүнө кире бериш жериндеги Киев-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги павильондон чыккан. Андан кийин март айында ошол эле жердеги "Сейтек" соода борбору өрттөнгөн. Үчүнчү жолу 13-апрелде базардагы "Берекет" соода түйүнүндө өрт чыгып, бир нече соодагер миллиондогон чыгымга учурашкан.


