super.kg logo

Бишкек ЖЭБиндеги тендерге байланыштуу козголгон кылмыш ишине айыпталгандар шарттуу кесилди

 

Бишкек шаардык соту ЖЭБдеги тендерге байланыштуу козголгон кылмыш ишине айыпталгандарды сыноо мөөнөтү менен 3 жылга шарттуу кести. Мындай чечим сот тарабынан бүгүн, 15-мартта чыгарылганын SUPER.KG'ге жактоочу Учкун Каримов кабарлады.

Жактоочунун айтымында, алар келтирилген чыгымдын ордун толтурушкандыктан улам ушундай чечим чыкты.

"Биринчи Май райондук соту тендерге байланышкан иш боюнча 4 адамдын ар бирин 6 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыраткан. Алар келтирилген 6 миллион 683 миң 28 сом чыгымды мамлекетке төлөп бергендиктен шаардык сот сыноо мөөнөтү менен 3 жылга шарттуу кести. Бирок "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Бердибек Боркоев абакта калды. Анткени ал ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсыкка байланыштуу козголгон кылмыш иш боюнча тергөө абагында", - деди Каримов.

Биринчи Май райондук соту 22-январда "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Бердибек Боркоевди 7 жыл 6 айга, ЖЭБдеги оңдоо иштерине катышкан "Аймар Энержи" компаниясынын жетекчиси Темирбек Ниязовду 7 жылга, аталган компаниянын кызматкери Канат Деркембаевди 6 жылга, "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы техникалык директору Алмазбек Жусупбековду 7 жылга эркинен ажыраткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
15.03.2019. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
10 эсе кылып толотпойсунорбу
16.03.2019. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тологон жок БУЛАРДЫ КУСТУРДУ. Кекиртектен кармап дагы бир эки силкисе балар дагы далай акчаны кусат.
KAYRATBEK түзөттү 2019-03-16 02:15:27
16.03.2019. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Супер инфо калыстыктан тайдынар ! Жонокой карапайым калкка деле белгилуу болуп калды бир тарап маалымат бергенинер.Окмоттун бир кыпындайда жакшы ишин корбой жазбай терс жагын жазып туруп алдынар!
Эл калыс эл тараза эл сынчы мен силерди 5 жылдан бери окуп келем.
Негизи мага жагасынар.Бирок акыркы убакта жек коруп калдым.Менин жеке пикирим каттуу тийсе кечиресинер.Силер кучтуу командасынар албетте онолушунарга кучунор жетет .Калыстыктан тайсанар аягы жакшы болбойт.
16.03.2019. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jigito,эн туура айтасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: