super.kg logo
  Саясат  

Экс-депутат Мээрбек Мискенбаев: “Үй-бүлөлүк кландык башкаруу орноп, авторитардык режимге кадам таштадык”

 

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырышы керек деп чыккан. Ошондой эле пикирди экс-президент Алмазбек Атамбаев 2018-жылы КСДПнын съездинде айтканы маалым болгон. Жээнбековдун туугандарынын жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлеши үй-бүлөлүк башкарууга алып келери коомчулукта айтылып жүрөт.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырсын деген талаптын коюлганына 1 жыл болду. Жээнбеков мандатты тапшырган жок. Бийлик үй-бүлөлүк башкарууга жол бербесине ишеним жарата алдыбы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев жооп берди.

Анын айтымында, азыркы бийлик үй-бүлөлүк башкарууга жол бербесине ишеним жарата алган жок.

“2018-жылы биз айткан сөздөр чын чыкканын элдин баары көрдү. Ошол сөздү айткан “Айкөл-Ала-Тоо” коомун күчкө салып, рейдерлик жол менен басып алууга аракет кылып жатышат. Президенттик аппарат бузукулук иштерди кылып жатат. Азыр президенттин иниси, кудасы, күйөө балдары гений болуп бийликте отурушат. Үй-бүлөлүк, кландык, криминалдык башкаруу орноду. Бакиевдин заманы келди. Эми авторитардык режимге кадам таштадык”, - дейт Мискенбаев.

Саясат таануучулар Орозбек Молдалиев, Эмилбек Жороев, саясий серепчи Марат Казакбаев, жарандык активист Алга Кылычов жана коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин жообу бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: