Ысык-Көл. Мектептерде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде көмүрдүн 2 айга жеткидей запасы бар
Ысык-Көл облусундагы от
жагуу жайларында, мектептерде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде көмүрдүн эки айга жеткидей
запасы бар. Бул туурасында КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусу боюнча
ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жыйынында
өкүлчүлүктүн аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Руслан
Элебесов билдирүү жасады. Анын
айтымында, жер-жерлерде көмүр сатуу базалары уюшулбаганы менен, көмүр таркаткандар айылдарды кыдырып, көмүр сатып жатышат. Кошумчалап кетсек, облуста көмүрдүн тоннасы 3000-6000 сомдон сатылууда. Бюджеттин
тартыштыгына байланыштуу өкмөттөн келүүчү акча каражаты
кармалып, ишке кедергисин тийгизип жаткандыгын билдирет бөлүм башчы.
Автор: Айзат Анарбекова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

