18-мартта Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт
18-мартта Бишкек шаарынын айрым аймактарында оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди.
Саат 9:00дөн 18:00гө чейин Жал кичи районунда, Манас кең көчөсү, Кемеров, Хоперский, Гагарин, Жунусалиев, Фрунзе, Абдрахманов, Асаналиев, Леваневский көчөлөрүнүн айрым жерлеринде, Алтын-Ордо конушундагы Матросов, Менделеев, Суванбердиев, Найманбаев, Елецкий, Салиев көчөлөрүндө, Бакай-Ата конушундагы Алманбет, Анар, Манасчы, Эр-Төштүк көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт.
09:30дан 19:00гө чейин Элебесов, Ахунбаев, Токтоналиев көчөлөрүндө электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:08
2025-07-22

9:59
2025-07-22
9:47
2025-07-22

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.